Биз менен байланышыңыз

Парламент Асел Кодуранованы вице-спикерликтен алды

Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 693 | 0

Асел Кодуранова Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгынан алынды. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында добуш берүү болуп, аны бул кызматтан алууга депутаттардын 92си макул, 19у каршы болду.

Кодуранова өзүн вице-спикерликтен алуу тууралуу КСДП фракциясынын чечими боюнча парламентте билдирүү жасап, бул чечим мыйзамсыз экенин айтты. Бирок убагында ага ишенип бул кызматка шайлаган депуттарга ыраазычылык билдирип, парламент кандай чечимге келсе да аны кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Асел Кодуранованын ордуна вице-спикерликке КСДП фракциясы Аида Касымалиеванын талапкерлигин сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM