Биз менен байланышыңыз

21-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 568 | 0

21-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;

Талас жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;

Баткен, Жалал-Абад, Ош аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -11…-16;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз 0…-2 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM