Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Иш козголгон саясатчыларга органдар жооп берет

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 774 | 0

Менде саясий оппонент жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында билдирди. Ал алты жылдан кийин кызматтан кеткенде эл арасында басып жүрүүнү гана кааларын айтты.

Президенттин пикиринде, саясий оппонент деген – бул кийинки бийликке атаандаш болгон адам. Жээнбеков аларга бирдей шарт түзүп берүүнү, алар 2020-жылы парламенттик шайлоодо эл колдоорун каалайт.

Ал эми иш козголгон айрым саясатчылар тууралуу айтып, аларга укук коргоо органдары жооп берерин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин мурунку президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү телеканалга берген маегинде былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керек экенин билдирген.

Коомчулукта Бабановдун тарапташтары аны өз өлкөсүнө келишин талап кылып жатышат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү басма сөз жыйынына 84 массалык маалымат каражаттарынан 177 журналист катталган, жыйын 3,5 саатка созулду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM