Биз менен байланышыңыз

Президенттин кайсы бир тууганы каерде иштейт?

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 6311 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков, маалымат жыйында өзүнүн бир туугандарын тааныштырды.

«Биз 11 бир тууган элек. Азыр сегизибиз калдык. Эң улуу агам каза болду. Эжем пенсияда. Андан кийинки эжем Бишкекте поликлиникада иштейт. Жусуп агам элчи, Украинада.  Карындашым дипломаттын аялы, чет өлкөдө. Асылбек иним депутат. Дагы бир карындашым чакан иши бар. Эң кичинебиз инибиз  айылда, дыйканчылык иштери бар»-деп билдирди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, учурда президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынын берүүдө. Коомчулукта анын бир туугандарынын саясатка аралашып жүрүүсү, кудаларынын мамлекеттик кызматка дайындалышы жөнүндө сын-пикирлер арбын.

Copyright © 2017 Maral FM