Биз менен байланышыңыз

Түркия АКШдан 3.5 миллиард долларлык курал сатып алат

Америка Пентагону Анкаранын 3.5 миллиард долларлык курал сатып алуу сунушун кабыл алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Бул суммага 80 даана абадан чабуул жана коргонуучу Patriot системасы жана башка куралдарды сатып алат. Бул сатыктын лицензиясы боюнча Пентагон АКШ конгрессине маалымат берди.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын S-400 абадан чабуул жана коргонуу системасын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон болчу. НАТО тараптан айтылган каршылыктарга карабай ал: «S-400 боюнча макулдашууга кол койдук. Бул дептерди жаптык. Бүттү бул иш!»,-деп эскерткен болчу.

Эми Американын каалоосуна ылайык сатып алына турчу Patriot системасын алып келүү маселеси сүйлөшүлө баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM