Биз менен байланышыңыз

Мамлекет мигранттарга эми маани берет

Коом | 17 Дек 2018 | 960 | 0

18-декабрь — Эл аралык миграция күнү. Бул күндү утурлай мигрант көйгөйлөрү жана алардын укуктары талкуулана баштады.

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтердин алдында миграциялык бөлүмдөрдү ачуу демилгеленүүдө. Бул тууралуу Миграция кызматынын төрага орун басары Самат Токтоболотов кабарлады. Өткөн аптада Тышкы иштер министрлиги менен жолугушуу болгон. Анда мигранттар көйгөйүн чечүү үчүн аталган кызмат миграция бөлүмдөрдү элчиликтердин алдында ачуу сунушун берген. Негизги максат — чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештердин укуктарын мамлекеттик деңгээлде коргоо.

Чукул аралыкта биз Тышкы иштер министри менен жолугушуубуз болду. Ал жерде чет өлкөдөгү элчиликтердин алдында миграциялык кызматтарды ачуу жөнүндө сөз болду. Миграциялык чөйрө өтө тездик менен өзгөрүп баратат. Ошондуктан элчиликтердин алдында бөлүмдөрдү ачуу эң оптималдуу вариат болуп турат. Болбосо миграция кызматынын өкүлчүлүктөрүн ачуу машакаттуу иш болуп келет.

Миграция кызматынын маалыматына таянсак, бүгүнкү күнү чет өлкөдө жүргөн мекендештердин саны 700 миңден ашат. Анын басымдуу бөлүгү Орусия, Казакстан, Түркия жана Бириккен Арап Эмираттарында жашашат.

Акча табам деп кеткен мекендештердин абалы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген жылдан бери жакшырганы айтылганы менен көйгөйлөр толук чечилип кеткен жок. Бүгүнкү күнү социалдык камсыздандыруу жагы курч турганын Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов белгиледи. Анын кабарлашынча, сыртта жүргөн мекендештердин укуктары сакталбай, айрым учурда маянасын албай калган көрүнүштөр көп.

Чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандарыбызга социалдык жактан эч кандай жеңилдик каралган эмес. Ошол жерде иштеген башка жумушчулар сыяктуу укуктары сакталбайт. Биздин жарандар ооруп калса, дарыяланууга укугу жок. Биз Орусияга барганда мигранттар ушул суроону коюшту. Буюрса, 2019-жылдан баштап, бул маселе оңунан чыгат деген ишеним бар. Себеби миграциялык комитет Орусия менен иштеп, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.

Мигранттын маселесин чечүүнүн бирден-бир жолу бул-кызматтын аброюн жогорулатуу керек. Мындай пикирин Миграция кызматынын коомдук кеңешинин төрайымы Нурбүбү  Керимова айтты. Бүгүнкү күнү миграция кызматы борбор калаада гана иш алып барууда. Ошондуктан кызматтын ыйгарым укуктарын кеңештүү сунушу менен чыкты.

Эң биринчи сунушубузду өкмөткө, президентке жолдодук. Анда Миграция кызматынын деңгээлин министрликтин деңгээлине чыгаруу керек. Ошону менен миграция жана жумушка орноштуруу сыяктуу иштерди бириктирүүгө болот. Бүгүнкү күнү миграция саясатын миграция кызматы жүргүзөт. Ал эми жумушка орноштуруу маселеси Социалдык өнүгүү министрлигине карайт. Ошондо маселенин «башы» менен «буту» башка жакта жүрөт. А көйгөйдү чечүү үчүн баары бир жерде болуга тийиш.

Бул жагынан Миграция кызматы учурда Орусиянын миграция кызматы менен миграцияга чейин атайын борборду ачууну сүйлөшүп жатат. Эгер ишке ашып кала турган болсо, чет өлкөгө чыгаардан алдын жетиштүү билим алып андан соң гана кетмекчи.

Экинчиден, башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргыздардын маселесин парламент депутаты Айсулуу Мамашева көтөрүүдө. Анткени эгемендүүлүк алган жылдардан бери Орусия жарандыгын 640 миңден ашык кыргыз алган. Бирок бүгүнкү күнү мекенине кайткан мекендештер Кыргызстандын экономикасына салым кошо албай келет.

Биз Орусия жарандыгын алган мекендештер маселесин көп убакыттан бери көтөрүп келе жатабыз. Анткени Орусия жарандыгын алгандардын саны 650 миңге жакындады. Алардын баарында Орусия Федерациясынын паспорту бар. Алар дагы биздин жарандар сыяктуу баардык нерсеге укугу болушу керек. Ошондуктан аларды дагы тең укуктуу кылуу керек. Себеби жетиштүү көлөмдөгү каражат жыйнаган соң, кайрадан мекенине кайтып каражатын улуттук экономикага жумшай албай келет.

Буга чейин дагы чет өлкөдөгү кыргызстандыктар бүгүнкү күнү өз мекенине инвестиция салууга кызыктар экенин билдирип чыгышкан. Анын алкагында президенттин алдында атайын кеңеш түзүлүп, ата мекендик долбоорлор иш жүзүнө ашыруу планы коюлган болчу.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM