Биз менен байланышыңыз

Зомбулуктун айынан Ысык-Көлдө 12 бала өмүрүн кыйды

Коом | 14 Дек 2018 | 852 | 0

Акыркы жылдардан бери чет өлкөгө жумуш издеп чыккан мигранттардын саны көбөйүүдө. Анын таасиринен балдар зомбулукка учуроодо. Ар кандай кырдаалдан улам, жыл башынан бери 12 бала өз өмүрүн кыйды.  

Анткени айрым жарандар чет жактан жумуш издеп кетишсе, кээ бир ата-эне балдарын кароосуз таштап кетип, өспүрүмдөр мээримге зар болуп келишет. Мындан улам  бир мектепте психологиялык жактан жабыркаган кеминде 3-4 бала бар. Буга мисал катары Ак-Суу районундагы Жолголот айылынын мектеп мугалими Зина Ѳмүрзакова төмөнкүлөрдү айтты.

— Турмушта кыйын кырдаалга туш болгон балдар бар. Мисалы, биздин мектепте психологиялык жактан жабыркаган бала төртөө. Анын бири 4-класста окуйт, энеси таштап кеткен. Бир жолу сабактан келечек жөнүндө дил баян жаздыргам. Ал бала мен эч качан үйлөнбөйм деп жазыптыр. Себебин окусам, мен балалуу болгондо анын энеси таштап кетет, мен ошондон корком дептир. Бала кичинекей кезинде эле кыйынчылыкка туш болуп жатат.

Коомчулукта болуп жаткан мындай жагдайдан улам мектеп жашындагы балдарга психологиялык жаткан реаблитациялоого мезгил келди. Анткени айрым өспүрүмдөр келечек тууралуу ойлонбой жашоого салкын карап калган учурларын жөнгө салуу керек. Аларды ар тараптан кызыктырып, коомчулукка аралаштыруу үчүн азыр социалдык педагогдор тажрыйбага муктаж болуп жаткандарын айтышат. Бул боюнча Каракол совхоз айылынын мугалими Эрмек Мергенбаева буларга токтолду.

Социалдык педагогдордун жумушу өзгөчө оор экенин байкап жатам. Мен бул кызматты быйыл гана аркалап жаткандыктан бүтүндөй бир айылды анализдеп чыгуу кыйынга турат. Бул үчүн көптөгөн тажрыйба жана билим керек экен. Эгер жалпы коомчулук активдүү киришип, керектүү муктажлыктарды бирдиктүү чечүүгө жарам берсе, анда биз адамдарды жакшылыкка, кайрымдуулукка, боорукердикке үйрөтүп кыйналгандар жок болот эле.   

Атап айтканда, мектеп жашындагыларга карата зордук-зомбулук үй бүлөдөгү болгон тынчтыктын жоктугунан келип чыгууда. Маселен, чоӊ адамдар балдарга болгон мамилени жакшыртып, алар менен кеӊешүү жолу аркылуу көйгөйлөрдү чечүү аз санда. Ушул жүйөдөн улам, Каракол шаары боюнча “Тирек аялдарды жана балдарды зордук зомбулктан коргоо”  бөлүмүнө 200 бала кайрылганын жетекчиси Бела Капарова билдирди.

Зордук-зомбулуктун негизги себеби үй-бүлөдөгү тамырдан башталат. Албетте, ага ата-эне сыяктуу чоӊ адамдар таасир калтырат. Анткени чоӊ адамдар өзүн башкарганды жана кичүүлөргө мамиле кылганды билбейт. Андыктан балдар менен мамиле курууда чоӊдордо өзгөчө жоопкерчилик болушу керек. Бүгүнкү күндө бул багытта бардык докладдар жана керектүү материалдар таратылып, зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө билимди жогорулатып жатабыз

Ал эми зомбулукка кабылган балдардын санынын өсүшү менен Ысык-Көл облусунун аймагында жыл башынан бери 12 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Мындай көрүнүш өлкө аймактарында да болуп жаткандыктан 2019-жылдан баштап БУУ атайы окууларды уюуштурууну көздөп жатканын клиникалык психолог Перизат Асылбаева кабарлады.

Азыр ЮНИСЕФтин көптөгөн долбоорлору башталып жатат. Анын алкагында социалдык педагогдорду, ата-энелерди, мугалимдерди окутабыз. Ѳзгөчө миграцияга кетип жаткан жашоочуларга көп-көптөн түшүндүрүү иштерди жүргүзүү керек. Себеби психологиялык жактан жабыркаган балдар кусалыктан, жылуу мамиле көрбөй, ар кимдин колунан зомбулук көрүшөт. Мунун натыйжасы акыры суидцитке алып барышы мүмкүн. Балдар биздин келечек болгондуктан ар бир жаран кайдыгер карабай жоопкерчиликти ойготуш керек.

Кошумчалай кетсек, айрым бейөкмөт уюмдар депутаттар менен бирге 2019-жылды «Балдар жылы» деп жарыялоону сунуштап жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM