Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Түркия президенти Эрдоганга көңүл айтты

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 537 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Анкара-Конья каттамындагы темир жол кырсыгынын кесепетинен Түркиянын көптөгөн жарандарынын курман болгондугуна байланыштуу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.

Эске салсак, 12-декабрда Түркияда ылдам жүрүүчү поезд кырсыкка кабылып, тогуз киши мерт болгон. Маршандиз темир жол станциясында ылдам поезд рельстен чыгып, жолду көзөмөлдөөчү локомотив вагон менен кагышкандан кийин темир жол бекетинин имаратын сүзүп, 20 метрдей ичкери кирип барып токтогон.

Прокуратура кырсыктын себебин иликтеп жатат. Анкарадан Конья шаарына бара жаткан поезддин ичинде 200дөн ашык жүргүнчү болгон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM