Биз менен байланышыңыз

Аида Касымалиеванын талапкерлиги вице-спикерликке сунушталды

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 597 | 0

КСДП фракциясы Аида Касымалиеванын талапкерлигин көпчүлүк коалициянын атынан вице-спикерликке сунуштады. Бул тууралуу фракциядан кабарлашты.

Маалымат боюнча, КСДП фракциясы бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алган. Бирок ал депутат болуп ишин уланта берет. Эске салсак, Кодуранова вице-спикерликке былтыр 1-ноябрда дайындалган болчу.

Учурда парламент төрагасынын эки орун басары бар, бирөө көпчүлүк коалициядан, экинчиси оппозициялык фракциядан дайындалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM