Түнкү Париж адамды өтө толкундантып жибере турган даражада чырайына чыгып турган. Бажырая ачылган акшам гүлдөрүн эске салуучу түркүн түс чырактар шаардын ого бетер көркүнө чыгарып , Сена дарыясынын жээгине эки миң жыл мурун пайдубалы коюлган бул кооз шаардын имараттары жарыкка бөлөнгөн эле.
Биздин бул өлкөгө болгон сапарыбыз карып, өз мекенибизге жеткире турган учак түнкү саат бирлерде учмак. Мындан улам аба майдандын дүкөндөрүн шашпай кыдырып жүрдүк. Тил билбегендиктен улам дудуктун абалына түшүп, өзбек тилин, өзбекче баарлашууну, өзбектер менен кенен-кесир, кумарлана аңгеме курууну өтө сагынган элек.
Аба майдандын кызматкерлери Ташкентке уча турган жүргүнчүлөрдү чакырып жатканын угуп, артыма кайрылганымда, жолоочу сумкасын асынган, трапты көздөй бара жаткан дүйнөнүн эң улуу жазуучуларынын бири Чыңгыз Айтматовго көзүм урунду. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Көп жылдардан бери бул жазуучуга жолугам деген эңсөөм заматта сыйкырга айлангансыды. Анткени мен Чыңгыз Айтматовду эс тарткандан бери жакшы көрчүмүн.
Чачтарын ак бубак баскан, жүзү менен моюнуна калың тырыш түшкөнү менен, аны эч эле жетимиш эки жашта деп ойлобойт экенсиң. Узун бойлуу, салабаттуу жана көз караштары өтө жөнөкөй бул адамдын маңдайында туруп, анын канчалык атактуу экенин ойлоп эле алдастай түштүм. Бирок мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек эле.
-Салам, Чыңгыз ага!.
— Салам, салам!
— Ташкентке келгениңизди Одил Ёкубовдон уктум эле. Мен Одил аганын кичи шакирти боломун.
Чыңгыз ага кудум эски таанышын жолуктургандай жылмайды.
-Шакирт болсоң, демек, сен да бир нерсе жазат турбайсыңбы?
-Эми биздики… Азыр убакыт ушунчалык учуп жатат, окугандан башкага чоло тийбей эле,-деп, кеп тизгинин башка нукка бурганга аракет кылдым. Белгилүү адамдар менен тил табышуунун оңой жагы, кудум, эски таанышыңызды жолуктургандай, көп эле жатыркай бербейсиң.
-Ооба, өзгөрүүлөр өтө көп. Кийинчерээк бир келип кет. Кенен маектешебиз, — деди Чыңгыз ага.
Мен өз орундугумду издеп нары кеттим. Жазуучунун акыркы сөзү көңүлүмдө жылуу бир эркти пайда кылып, кайра сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү боло турганын ойлоп, кыялкеч көңүлүмө ого бетер ырахат тартуулады.
Таңкы саат бештерде жазуучунун кол тамгасын алуу үчүн өзүм сыяктуу жаш жазмакер досторумдун китептерин көтөрүп алып, учактын алдыңкы тарабын көздөй жөнөдүм. Себеби жазмакер досторум кийин анын кол тамгасы бар китептери менен мактанарын алдын ала сезип турдум. Айтматов учактын отургучунда үргүлөп отурган экен. Башы ылдый салынып, көз айнеги мурдунун учуна келип турса да, колундагы гезити түшпөй турганынан анын ойгоо экенин билдим.
Ошентип ал көзүн ачып, гезиттерин шаша-буша жыйнап, четке койду.
— Кел, чырагым!
Эңкейип эки колумду сундум.
— Кечиресиз, тынчыңызды алдым.
— Эч нерсе эмес. Колуңдагы эмне?
— Кол тамга алуу үчүн.
Чыңгыз Айтматов досторумдун китептерин колуна алып, бир-бирден барактай баштады. Айрым ырларды үнүн чыгара окуп, “Шоири замон” китебиндеги сүрөттөргө бир сыйра көз жүгүрттү. Ошол китептердин арасынан “Дилрабо оқшомлар” китебин барактап отуруп:
— Кандайдыр бир философия жаткан сыяктуу, — деп койду.
Ошондо мен жазуучуну өзүмчө башка тарабынан ачкандай болдум. “Бул улуу жазуучу, даанышмандыгына ылайык келген ой-жүгүртүүсү менен жашоодогу ар окуядан улуу бир сабак чыгарып жашайт. Анын жүрөгүндө түбөлүккө өчпөгөн бир от жалындап күйүп турат”, — деген пикир оюма келди.
— Бул китептер, албетте, Европа окурмандары үчүн өтө эле жөнөкөй болсо керек, — дедим. Кудум эле, китептерден кемчилик чыга кала тургандай.
— Ырлар дагы кээде гүлгө окшош болот. Гүл кайсы жерде болбосун, ал — баары бир гүл. Кадыры да, сулуулугу да бардык жерде бирдей. Ташкенттен гүл көтөрүп келсеңиз, эч ким аны гүл экенин четке какпаган сыяктуу, бул ырлар да, балким, париждиктерге жагып калат.
— Баамымда, адабият мурун бир өңчөй эле… Азыр болсо окуй турган нерселер ушунчалык көбөйүп кетти дейсиз…Окуй берип, адамдын өмүрү өтүп кетип жатат.
— Окуу эч качан зыян алып келбейт. Ал адамдын дүйнө таанымын байытат. Албетте, ар бир окуган нерседен жыйынтык чыгара билүү керек. Ар биринен. Бирок алаксып кетпөө зарыл.
— Биздин жазуучуларыбыз мурун орус тили аркылуу дүйнөгө таанылат эле. Эми болсо бул тил өз милдетин аткара албай калгандай…
— Жаштар англис тилин жакшы үйрөнүп алышы зарыл. Мүмкүнчүлүгү болсо, англис тилинде жазууга белсениши керек. Чыгармалары англис тилине которулуп, Европада басылып чыкса, балким, бир натыйжага жетүүгө мүмкүн болор. Бирок чыгармада эң маанилүүсү улуттук үрп-адаттар, улуттун өзүнө тиешелүү өзгөчөлүк жана жалпы адамзаттык баалуулуктар камтылбаса жана идеалдуу инсандын образы жок болсо, анда ал чыгарма эч бир жерде сыйлыкка татыбайт.
— Менин байкашымча, Батышта жеңил-желпи чыгармаларга көп маани беришет. Сиздин чыгармалар дайыма оор жана терең философиялуу жазылган.
-Сырттан караганда, чет элдиктер жеңил-желпи фантастикалык романдарга дитин койгондой сезилет. Чындыгында, андай эмес. Бул жерде да кыйын, терең маанилүү китептерди да көп окушат. Жакында эле Германияда менин акыркы романым бир миллион нускада басылып чыкты.
Чыңгыз Айтматов жайбаракат гана сүйлөп жатты. Бирок ал киши өз “сырларын” ачып жатканынан жана маанайынын жакшы экенинен пайдаланып, эркелеген сыяктуу:
-Бир суроо берсем ачууңузга тийбеймби? Эмне үчүн сизге Нобель сыйлыгын бербей жатышат? — дедим да, берген суроом үчүн бир аз ыңгайсыз боло түштүм.
— Мурун мени коммунисттерге кызмат кылган деп айыптап жүрүштү. “Кылым карытар бир күн” романым чыккан соң, абал кичине өзгөргөндөй болгон. Кийин “эмнеге эми бизге кызмат кылбай жатат” деген пикирлер ортого чыгып, ишти артка жылдырып коюшту. Бирок чыгармаларым Нобель сыйлыгына жети-сегиз жолу көрсөтүлдү. Азыр эми сыйлыктарга кызыккан жаштан өттүм десем, көп экиленбестен эле ишене бергиле…
— Жакында эле “Аргументы и факты” гезитине берген өтө кызыктуу маегиңизди окудум. Маек арасындагы ислам динине болгон мамилеңиз мени кызыктырып калды.
-Илгери ислам дегенде Ибн-Сина, Аль-Фараби, Ясеви, Навои сыяктуу байыркы даанышмандарды дүйнөгө тартуулаган бир динди түшүнөт элек. Азыр болсо ислам дегенде бир топ террористтер, талкалоочулар деген түшүнүк пайда болду. Мына ушул нерсе адамдын кыжырын келтирет. Улуу диндин атына жамынып, пайда көрүп жүргөн мыкаачылар менен жинимди козутат.
-Кантип эле, азыр ислам дегенде дүйнө жалаң ушундай мыкаачыларды түшүнөт?
— Жок, албетте. Жердин тоголок экенин, дүйнөдө бардык нерсе бири-бирине чырмалышканын ушундан билгин, мисалы, азыркы тапта Америкада сегиз миллион мусулман калкы бейкут жашап жатышат. Билл Клинтон президент катары жыл сайын Айт майрамында мусулмандарга зыяпат берип, аларды куттуктайт. Ошондой иш-чаралардын биринде: “Дүйнөдөгү мусулмандардын дубасы менен, дүйнө кыяматтан оолак турат”,-деген сөздөрүн гезиттен окудум. Ханзаада Чарльздын «Европа бүгүнкү жетишкен бардык ийгиликтери үчүн Исламга ырахмат айтышы керек”, — деген сөздөрүн Батыштагы ар бир адам жатка билет. Жыйынтык: Дүйнө эч убакта бир тараптуу болгон эмес. Бүгүнкү күндө Европа маданиятынын, Америка маданиятынын Чыгышка, Азияга болгон таасирин ким танат. Бүгүнкү маданият ааламындагы бир жаңылык көз ирмемде дүйнөнүн каалаган бурчуна жетип жатпайбы. Демек, дүйнөдөгү ар бир адам, ар бир маданият бири-бири менен чырмалышкан чынжырча экенин моюнга алуудан башка арга жок. Мындан ары дүйнө, аралыктар же чек ара менен эмес, жакшылык менен жамандык, гуманизм менен вандализм деп экиге бөлүнөт. Адамзат болсо дайыма гуманизмге, адамгерчиликке умтулуп жашайт.
Чыңгыз Айтматов дагы деле жайбаракат сүйлөп жатты. Ал ааламдык деңгээлдеги ойчул, чыныгы даанышман эле. Ичимден “ырас эле, ушундай адамдар бар үчүн, ошолордун шарапаты менен дүйнө чайпалбай, бир калыпта кармалып турат. Адамдын жан дүйнөсү мынчалык кооз жана адамдын аң-сезими канчалык түбөлүктүү экенин ушундай адамдар дүйнөгө далилдеп турат”,-деген ойлор келди.
Ал арада учак Ташкентке жакындап калганы жарыяланды. Айтматов иллюминатор тарапка жүзүн бурду. Терезеден болсо ал өзүнүн чыгармаларында атап өткөн Өзбекстан көрүнүп жаткан.
Өзбекстан ал үчүн кадырлуу өлкөлөрдүн бири экени анын көздөрүнөн көрүнүп турду. Анын шашкалактай тура калганынан улам, бул өлкөгө болгон сый-урматы чексиз экени, мени да сыймыктандырды. Орундуктан туруп, жазуучунун колун кыса мындай дедим:
-Кош келипсиз, Чыңгыз ага!!!
Париж-Ташкент
МУХАММАД ИСМОИЛ. (Өзбекчеден которгон Орозгүл Арстанова)
УКМА КИТЕП: Айтматовдун «Ак кемеси» саясатчылардын көркөм окуусунда (аудио)
1 пикир