Биз менен байланышыңыз

Депутаттар экс-президенттердин кол тийбестигин алууну талкуулашууда

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 569 | 0

Парламентте экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат. Аны депутаттар Исхак Масалиев жана Курманкул Зулушев сунуштаган.

Талкуу учурунда депутат Алтынбек Сулайманов бул мыйзам кабыл алынса кайсы президентке иштейт деген суроону койду.

Зулушевдин айтымында, мыйзам экс деген статусу бар президенттерге иштейт, ал эми ага чейинки президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевде экс-президент деген макамы жок.

Эл өкүлү Жанар Акаев аталган мыйзам кабыл алынса мурунку президент Алмазбек Атамбаевге иштейби деген суроону берди. Демилгечилер эгер мурунку президент кылмыш ишин жасап, анын айыбы аныкталса мыйзамдын негизинде макамы алынарын айтышты.

Жанар Акаев бул туура мыйзам экенин айтып, бул мыйзамдан кийин “мураскер” деген түшүнүктү жоюуну сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM