Биз менен байланышыңыз

16-19-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 13 Дек 2018 | 533 | 0

16-декабрдан 19-декабрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

17-19-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетет.

Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган учурда унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Ал эми 14-декабрда Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында туман түшүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,

Нарын облусунунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкек шаарында 14-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° , күндүзгү жогорку температурасы 5…7° болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM