Биз менен байланышыңыз

Мыйзамды көзгө илбеген унаа уурулар

Коом | 13 Дек 2018 | 937 | 0

Евразия экономикалык биримдигинин аймагынан мыйзамсыз унаа ташып жүргөн кылмыштуу топ кармалды.

Ички иштер министрлиги 2-3 жылдан бери Кыргызстанга мыйзамсыз унаа ташып жүргөн кылмыштуу топтун төрт мүчөсүн кармады. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө алардын жанынан КМШ мамлекеттеринин каттоо кызматтарынын 25 мөөрү, жеке нотариустардын, бажы кызматынын катталгандыгы тууралуу бланкалары табылган.

Алар ЕАЭБ мамлекеттеринен ар кайсы өлкөдөн чыккан 111 унаа мыйзамсыз ташылып келген. Анын 25и атайын жайга киргизилип, калганы кимге сатылганы тууралуу маалымат жок болуп чыккан. Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 1,2,4- бөлүмдөрүнүн (алдын ала сүйлөшүп алуу менен документтерди, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо жана даярдоо пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз катчысы Бакыт Сеитов маалымдады.

Бажы кызматында 50 дөн ашык транспорт каражаттарына тиешелүү жасалма документтер табылган. Андан сырткары Кыргызстанга кире турган Ак-Тилек, Ак-Жол бажы постторунда дагы кылмыштуу топтордун балнктары чыккан. Азыркы учурда 111 автоунаа Кыргызстанга кирген. Алардын ичинен 25 автоунаа токтотуучу айып пул төлөөчү жайга киргизилди.   
Мамлекетке болжолдуу 100 млн сом зыян келтиргени айтылууда. Мындай ишке көмөктөшкөн деп учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын эки кызматкери да камакка алынды.  Аларга ЕАЭБ мамлекеттеринен мыйзамсыз унаа ташып жүргөн кылмыштуу топко көмөктөшүп келген деген кине коюлууда.

Аларга карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Аны менен катар учурда Мамлекеттик Каттоо кызматы тарабынан  ички кызматтык иликтөө иши башталганын мекеменин өкүлү Мелис Эржигитов маалымдады. Анын айтымында, документ жасоо иштеринде кызматкерлер аралашкан учурлар арбын. Мындай көрүнүш сот тарабынан кызматкерлерге карата актоо өкүмү түрткү берип калууда.

Буга чейин мыйзамсыз кирген автоунаалар боюнча кандай гана фактылар болгон жок. Алардын баары кармалды. Бирок колго түшүрүлгөнү менен сот аркылуу акталып, кайра жумуш ордуна келип жатат. Эң өкүндүргөнү ушул болуп турат. Мындай фактылар көп. Ошондуктан күнөөлүү деп табылган адам мыйзам чегинде өз жазасын алса жана экинчи кайра кызматка катпаса.    

Ошондуктан мыйзамсыз көрүнүштөргө бөгөт коюу үчүн чараларды күчөтүү керектигин Каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эрлан Сапарбаев айтууда.

Мындай терс көрүнүштү жоюу үчүн комплекстүү чараларды кабыл алыш керек. Эң алдын улуттук бирдиктүү маалыматтык система толук ишке кириши керек. Экинчи, мыйзамдар иштөөсү тийиш. Ошол мыйзамдын негизинде жоопкерчиликти катаалдатуу керек.

Учурда бул факты боюнча дароо Авто транспорттук каражаттарды каттоо департаментинин жетекчиси Жоошбек Коёналиев кызматтан алынды.Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Эми мамлекетке 100 млн сом зыян келтирген иш боюнча башка дагы жетекчилердин жоопкерчилиги каралууга тийиш экенин аталган департаменттин мурдагы жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиев белгилеп жатат. Анткени өлкөгө кирген унааларды мыйзамдуу каттоого баардык шарттар бар дейт,-ал.

Бул көрүнүш ошол департаменттин жетекчилиги тараптан көзөмөлдүн жоктугунан гана болуп жатат. Анткени жүздөн ашык унаа бир күндө кирип калбайт да. Ошондуктан ал жактагы ар бир кызматкердин  ишин карап чыгуу керек. Болбосо мыйзам жетиштүү.
Кошумчалай кетсек, мыйзамсыз кирген автоунаалар Евразия экономикалык биримдигине АКШ, Франция, Германия жана Жапония сыңдуу өлкөлөрдөн ташылып келип турган. Кыргызстандан автоунаага тийиштүү документтер жасалып, үчүнчү өлкөгө сатылган.

Мындан улам, Ички иштер министрлиги унаа сатып алам деген Кыргызстандыктарды этият болууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM