Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү валюта: ЕАЭБдин Евробиримдиктей болуу кыялы

Экономика | 12 Дек 2018 | 874 | 0

ЕАЭБ алкагында бирдиктүү валютаны киргизүү идеясы Орусия тараптан бир канча жылдан бери көтөрүлүп келет. Бирок Беларусь сындуу өлкөлөр каршы.

Учурда Президент Сооронбай Жээнбековдун ЕАЭБ уюмунун келечеги катары бирдиктүү валютаны киргизүү жана ачык чек аралар боюнча жообу талкууга түштү. Анда президент «Сиздин кыялыңыздагы Евразия экономикалык биримдиги кандай болушу керек?»-деген суроого «Евробиримдиктегидей, чек аралар ачык болуп, жарандар эркин каттап, тең укуктуу тейлөөгө ээ болгондой шарт түзүлсө»,-деген ниетин айткан.

Андан ары дароо «Евробиримдиктин бирдиктүү валютасы бар да» деген суроого Жээнбеков «биз дагы мына ошого баратабыз» деп жооп кайтарган. Ошону менен катар валютаны киргизүүгө убакыт бар экенин билдирген.

-Бул биздин келечек. Келечекте ал Евробиримдик сыяктуу чек аралары ачык болуп, биздин жарандар биримдиктин аймагында эркин каттап, уюмга кирген кайсы гана мамлекетте болбосун, өз өлкөсүндөгүдөй кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алгандай шарттар түзүлсө дейм. Мен уюмдун келечегине аябай ишенем. Бизде абдан чоң, кубаттуу дарамет бар. Албетте, Еврошаркеттин бирдиктүү валютасы бар. Албетте, биз дагы ошого барабыз. Бирок ага убакыт керек.

Президенттин бул сөзүн экономист Кубанычбек Идинов колдоого алып жатат. Анткени доллардын курсу ишкерлерди чыгымга учуратып келет. Ошондуктан ЕАЭБ мамлекеттери бир валютага өтсө, бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөрүнөн үмүт артат.

-Бул жерде эки негизги артыкчылыкты көрүп турам. Бүгүн ишкерлердин көбү ЕАЭБ мамлекеттери менен соода-сатык жүргүзүшөт. Анан сомду долларга которуп убара тартып келишет. Ушул маселе жок болот. Экинчиси, ЕАЭБ мамлекеттеринин каалаган шаарынан келишимдерди түзүүгө шарт түзүлүп. Ошондон улам алар дагы бизди өз элиндей мамиле кылууга өтмөк. 

Ал эми мурунку экономика министри Эмил Уметалиев бул кадам тескерсинче улуттук валюта корголбай калуусуна алып келерин эскертүүдө. Экинчиден, рублдын таасири артарын айтып, буларга токтолду.

-Эгер ЕАЭБ алкагында бирдиктүү валюта түзүлсө, рублдын таасири азыркыдан эки эсе артат. Анын алсыздыгы дароо сезиле баштайт дагы Орусиянын экономикалык саясатынан көз карандылык болот. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болбой эле, жарым жартылай Орусиянын губерниясы болууга бир кадам таштап калабыз.

ЕАЭБ алкагында бирдиктүү валютаны киргизүү идеясынын Кыргызстан үчүн пайдасынан зыяны көп экенин Экономика илимдеринин кандидаты Рустам Умаров да айтууда. Бирок валютанын ишке киришине ишенбейт. Анткени ар бир мамлекет үчүн улуттук кызыкчылык жогору турат,-дейт ал.

-Албетте эгер бийлик тараптан ушундай чечим кабыл алынса, пайдасы жана зыяны дагы болот. Бул биримдиктин рыногуна чыккандар үчүн пайдасы бар. Бирок дүйнө менен соода кылгандарга тобокелдиктер сөзсүз чыгат. Анткени бири-бирибиздин экономикабыз байланып калган болот. Рубль долларга карата канчалык алсыз болсо, бул биздин экономикабызда дагы байкалып отурат. Ошондуктан мунун пайдасынан зыяны чоң.

Анткен менен бирдиктүү валюта колдонгон практика дүйнөдө бар. Маселен, Европа Биримдигине кирген 28 мамлекеттин көпчүлүгү, тагыраагы, 19 өлкө бирдиктүү евро валюта зонасына кошулган. Евразия экономикалык биримдигине мындай өзгөрүүнү киргизүүгө Казакстан менен Беларусия макул эмес.

Copyright © 2017 Maral FM