Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Жусубалиевдин кармалышында министрдин тиешеси жок экен

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 854 | 0

Депутат Абдувахап Нурбаев 520 миң доллар пара менен кармалган министрдин орун басары Азимкан Жусубалиевдин ишинен кийин өкмөттүн моралдык жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, Транспорт жана жолдор министри бул ишке тиешеси жок экенин айтып жатыптыр.

«Чынында жаман иш болду. Министрлик да, өкмөт да моралдык жактан соккуга дуушар болдук. Мен Жамшитбек Калилов менен сүйлөшсөм, ал ишке тиешеси жоктугун айтууда. Бирок андан күмөнү бар экенин билдирген. Негизи биз коррупциялык иштерди текшерүүгө тапшырма бергенбиз. Бул ошонун жыйынтыгы болду», — деди Абылгазиев.

Эске салсак, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Ал 50 миң доллар алып жатканда кармалган.

Коомчулук жана эксперттер бул маселеде министрдин да өкмөт башчынын да жоопкерчилиги каралышы керектигин айтууда.

Жолдогу жемкорлук: Өкмөттүн жоопкерчилиги каралышы керек

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM