Биз менен байланышыңыз

Жолдогу жемкорлук: Өкмөттүн жоопкерчилиги каралышы керек

Күн чабыт | 11 Дек 2018 | 1081 | 0

Өкмөттүн алдындагы антикоррупциялык кеңеш ишин жандантарын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган кеңеш мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун антикоррупциялык чараларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашыруу жаатында аянтча болуп саналат. Кеңешке коррупцияга каршы күрөшкө мониторинг жасоо, жемкорлукка каршы күрөштүн тутумун аныктоо сыяктуу жаңы критерийлер киргизилди.

Анткен менен ушул күндөрү өкмөттүн дарегине айтылган сындар көп болуп жатат. Анын үстүнө жакында эле Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргош үчүн жалпысынан 520 миң доллар пара сураганы жемкорлуктун туу чокусун көрсөттү. Ага кылмыш иши ачылып, камалганы менен министрдин, өкмөт башчынын жоопкерчилиги жөнүндө эч ким унчуга элек. Бул маселеде өкмөттүн жоопкерчилиги тууралуу саясат талдоочу, Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбеков менен маек курдук.

Марал: Өкмөттүн алдындагы антикоррупциялык кеңеш ишин жанданта турганы кабарланды. Бул аракет Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин 520 миң доллар пара сурагандыгы үчүн кармалган учурга туш келди. Министрдин орун басары пара алгандыгы үчүн камалды, бирок сиздин оюңузда министр же керек болсо өкмөт башчы отставкага кетиши керек беле? Алардын жоопкерчилиги кандай болушу керек эле?

Даниел Кадырбеков: Биздин өлкөдө меритократия болуп – мамлекеттик кымзаткерлер конкурс аркылуу келип, өздөрүнүн компетенттүү иштерин аткарып жаткан учурда пара менен кармалган болсо анын жеке жоопкерчилиги каралышы керек. Мисалы, Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жеке өзүн коррупциялык кадамга барганын, аны менен кошо баргандарды аныктап, жоопко тартыш керек болот.

Бирок биздин саясий системаны өзүңүз түшүнөсүз, биздеги саясий кызматтарга, административдик бийик мыкый кызмат орундарына меритократиясы жок, жалаң тааныш-билиш менен “өзүмө жакын” деген кадрларды алып келишет. Мисалы, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы өзүнө жакын кишилерин министр же анын орун басары кылып дайындайт. Биздин өкмөттөгүлөр ОПГлардын (уюшкан кылмыштуу топтордун) принциби менен иш алып барышат.

Ошондуктан Транспорт жана жолдор министринин орун басары ири суммадагы пара менен кармалгандыгы үчүн министрди дагы, премьер- министрди дагы жоопко тартыш керек. Себеби булардын ушул системага алып келген кадрларынын кылган иши болуп жатпайбы. Төрт тамга тааныбаса дагы өздөрүн сатып кетпеген кызматкерди алып келгенден кийин жоопко да чогуу тартылышы керек.

Марал: Мындай окуялар кайталанбашы үчүн эмне кылыш керек?

Даниел Кадырбеков: Бул жерде мамлекеттик инститтарды фундаменталдуу түрдө реформа кылуу керек. Ошол эле мезгилде парламенттин, өкмөттүн, сот, бийлик бутактарынын ортосунда бири-бирине көзөмөл кылбаса, ушул механизмдер бири-бирин кылмыш кылганга баруусун чектебесе мындай жагдайлар кайталана берет. Мисалы, азыр деле президент Башкы прокуратура, УКМК президенттин алдында болгондон кийин үстөмдүк президенттин колунда болот. Ал каалагандай конструкция кыла алат. Ошондуктан эң алгач мамлекеттик институттарды реформалап жана ал институттар өз милдеттерин гана аткарганда иш алдыга жылмак.

Азыркыга чейин бийликке келген президент өзүн Кудай сезип эле, «өлкөнү менден башка эч ким сактап кала албайт» деп өзүнө көп милдетти алып жатат, көп көйгөй ушул жерден башталууда. Ал эми демократиялык өлкөлөрдө парламент көзөмөл кылат, өкмөт өз ишин аткарат, укук коргоо органдары ар кимдин оозун карабай, кылмыш катталган учурда тийиштүү чараларды көрөт.

Марал: Өкмөттүн алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кеңеши ишин жандантат деп айтылды. Коррупция менен күрөшүүдө өкмөттүн аракети кандай болуп жатат?

Даниел Кадырбеков: Биздин кыргыз аткаминерлер “велосипед ойлоп тапканды” жакшы көрүшөт да. Эми өкмөттүн алдындагы антикоррупциялык кеңеш саясатты аныктап, кандайдыр нормаларды эле иштеп чыкпаса, негизи коррупция менен күрөшө турчу мамлекеттик институттар бар да. Алар иштин маанисине карап бөлүнөт. Андан сырткары прокуратура тергейт, сот чечим чыгарат.

Бирок бул органдар чынында жетиштүү деңгээлде иштебейт, себеби реформа жок жана алар коррупциялашып бүткөн. Эски, авторитаризмдин инструменттери колдонулганы үчүн жүздөн ашык кеңеш түзсө да маселе чечилбейт. “Ручной” башкаруу болгондуктан ар келген өкмөт эле “велосипед ойлоп тапкандай” кеңеш түзүп жатабыз же дагы башка нерсени ачып жатабыз дешет. Болгону тийиштүү институттарды иштетиш керек.

Жолдон жонулган долларлар

Copyright © 2017 Maral FM