Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айтматов эскерилди (сүрөт)

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 428 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду.

Мамлекет башчы жана аны коштогондор 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелигине, 1916-жылдын курмандыктарынын монументине жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын мемориалына  дагы гүл коюшту.

Андан соң Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын болду.

Иш чара чоң концерттик программа менен аяктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM