Биз менен байланышыңыз

13-17-декабрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 456 | 0

Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 13-17-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 13-декабрда Ысык-Көл облусунун чыгышында бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

14-15-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

16-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 16-декабрда эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

17-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 17-декабрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

18-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. 19-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM