Биз менен байланышыңыз

“Манас” аэропорту штаттык режимде иш алып барууда

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 590 | 0

Бүгүн, 12-декабрда “Манас” эл аралык аэропорту штаттык режимде иш алып барууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кечээ калың тумандын кесепетинен каттамдар кармалып, айрымдары токтотулган. Кечки саат 10дор чамасында аба ырайы жакшырып, көрүү 550 метр алыстыкты түзгөн.

Ош шаарынын запастык аэродромуна кондурулган Казань-Бишкек жана Москва-Бишкек каттамдары Бишкекке келген. Кечигүү менен Ош-Бишкек рейси да аткарылган.

Түнкү саат 00:00гө бардык кармалган каттамдар — Грозный, Новосибирск жана Москва шаарларына аткарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM