Биз менен байланышыңыз

“Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” фестивалы башталат

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 501 | 0

Бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында Эл аралык сегизинчи “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү”  фестивалы башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдык мааракесине карата анын тирүү кезинде тартылган документалдык тасма менен ачылат.

Бул жылы фестивалга 500гө жакын улуттук жана чет өлкөлүк кинематографисттерден катышуу тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Улуттук сынакка 15 атамекендик тасма, ал эми эл аралык сынакка 14 картина кирген.

Фестиваль 15-декабрда жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM