Бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында Эл аралык сегизинчи “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” фестивалы башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдык мааракесине карата анын тирүү кезинде тартылган документалдык тасма менен ачылат.
Бул жылы фестивалга 500гө жакын улуттук жана чет өлкөлүк кинематографисттерден катышуу тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Улуттук сынакка 15 атамекендик тасма, ал эми эл аралык сынакка 14 картина кирген.
Фестиваль 15-декабрда жыйынтыкталат.