Биз менен байланышыңыз

Айтматовдун чыгармачылыгына арналган сынактын жыйынтыгы чыкты

Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 558 | 0

Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөр жаштар арасында «Эң мыкты эссе», «Эң мыкты поэзия», ал эми массалык маалымат каражаттар арасында «Эң мыкты телесюжет», «Эң мыкты макала» сыяктуу номинациялар боюнча аныкталды.

Сыйлоо аземи Айтматов атындагы Кино үйүндө өттү. Байге фонду 800 миң сомду түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM