Биз менен байланышыңыз

Бүгүн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 942 | 0

Бүгүн, 12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Буга байланыштуу мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында иш-чара өткөрүлөт. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышат.

Айта кетсек, быйыл залкар жазуучунун 90 жылдыгы бардык өлкөлөрдө белгиленип жатат. Себеби ал Кыргызстанда эле эмес дүйнөлүк адабиятчы катары көптөгөн окурмандардын жүрөгүнө сиңген.

Айтматовдун китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан.

Жакында эле Орусиянын Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулду. Ошондой эле Ташкентте көчөгө, Ленинградда скверге, Түркияда көчө менен скверге, ал эми Казакстанда 8 тилкелүү чоң жолго Чыңгыз Айтматовдун аты берилген.

Copyright © 2017 Maral FM