Биз менен байланышыңыз

11-декабрда тоолуу райондорго кар жаайт

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 488 | 0

11-декабрда тоолуу райондорго кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарынын аймактарына туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, айрым аймактарда 14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +5…+7.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM