Биз менен байланышыңыз

Бурулайдын өлүмү: Айыпталуучуну 23 жылга эркинен ажыратуу суралды

Кыска кабар | 10 Дек 2018 | 507 | 0

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум уланууда. Анда мамлекеттик жактоочу эки айыпталуучунун тең айыбы тергөөнүн материалдары боюнча аныкталганын айтты.

Ага байланыштуу сот Марс Бөдөшевди 23 жылга эркинен ажыратуу, Акмат Сейитовду 7 жылга күчөтүлгөн режимде камоону сунуштады.

Эске салсак, Бурулай Турдали кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM