Connect with us

ТИМ Айдарбеков Миландагы жыйынга катышты

Кыска кабар | 7 Дек 2018 | 653 | 0

Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Италиянын Милан шаарында өткөн ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында министрлер күндеминдеги актуалдуу эл аралык  маселелер боюнча пикир алмашып, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы карым-катышты бекемдөө жана келечекке коюлган пландар боюнча өзөктүү маселелерди талкуулашты.

Кошумчалай кетсек, ЖККУнун 8-ноябрда Астанада өткөн сессиясында ага төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өткөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM