Биз менен байланышыңыз

Адылбек Касымалиев кызматтан алынды

Кыска кабар | 6 Дек 2018 | 878 | 0

Финансы министри Адылбек Касымалиев кызматтан алынды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ал отставкага кетүү боюнча арыз жазган.

Касымалиев Финансы министрлигин 2015-жылдан бери жетектеп келди.

Эске салсак, Адылбек Касымалиевге буга чейин октябрь айында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сөгүш жарыялаган.

Касымалиев 2017-жылдагы республикалык бюджетти аткаруунун аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчётунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү тууралуу  иш-чаралар планын аткарууда кемчилик кетирген.

Адылбек Касымалиевдин өмүр таржымалы.

1984-1988-жылдары — Кыргыз ССРинин Экономика институтунун кенже илимий кызматкери;

1988-1990-жылдары — Жол-курулуш батальону финансылык кызматынын башчысы;

1990-1994-жылдары — Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын орун басары;

1994-1996-жылдары — Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары;

1996-2002-жылдары — министрлигинин башкармалыгынын башчысынын орун басары;

2002-жылы — Социалдык фонддун төрагасынын орун басары;

2002-2005-жылдары — Каржы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин төрагасынын биринчи орун басары;

2007-2009-жылдары — Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары;

2009-2010-жылдары — Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

2010-2011-жылдары — Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

2011-2012-жылдары — экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары;

2012-жылы — экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;

2012-2015-жылдары — экономика министринин орун басары;

2015-жылдан тарта каржы министри болуп эмгектенип келген.

Copyright © 2017 Maral FM