Биз менен байланышыңыз

Камчыбеков: «Терек-Сай» кенинин пайдасы көп

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Дек 2018 | 825 | 0

«Терек-Сай» башка кендерге салыштырмалуу өлкө экономикасына жакшы пайда алып келет. Бул тууралуу Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасынын орун басары Дүйшөн Камчыбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Терек-Сай» кенин иштеткен түркиялык «Эти Бакыр» компаниясы бюджетке салыктарды төлөп жатат. Алдыда 100 млн долларга алтын чайкоочу ишкана салып бермек.

«Терек-Сайдагы инвестор жакшы иштеп жаткан. Жергиликтүү эл менен мамлекеттин ортосунда сүйлөшүү болгон эмес. Компания эл менен өзү сүйлөшкөн. Негизи мамлекет кен иштеткен ишкана менен элдин ортосундагы маселени чечип бериши керек. Бирок акыркы жылдарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй калган», — дейт Камчыбеков.

Ал алтын чайкап алууда колдонулчу цианид химиялык заты пайдаланылган соң зыяндуулугун жоготорун белгилейт.

«Алтынды бөлүп алган соң цианид кен калдыктарын сактоочу жайда сакталат. Бир канча убакыттан кийин зыяндуулугун жоготот. Бирок жергиликтүү эл «цианид уу зат» деп түшүнүп алышкан. Чындыгында андай эмес. Маалыматтын туура эмес берилишинен улам суроолор пайда болууда», — дейт Камчыбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM