Биз менен байланышыңыз

Акы төлөнчү жолдордун баасы айдоочуларды ойго салды

Коом | 5 Дек 2018 | 816 | 0

Акы төлөнө турчу жолдордун болжолдуу баасы белгилүү болду. Аны Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы эксперттик топ иштеп чыкты.

Буга чейин акылуу болот деп айтылып жаткан үч жолдун болжолдуу баасын эксперттик топ жарыялады. Ага ылайык, жеңил унаа чакырымына 57 тыйын, ал эми оор жүк ташуучу унаа салмагына жараша 2-14 сомго чейин төлөй турган болот. Аны менен Министрликтин консультанттар тобунун жетекчиси Нурланбек Кайымбаев тааныштырды.

Акы төлөнүүчү жолдор боюнча сунуштарды айтып жатабыз. Биринчи долбоордо жеңил унааларга 57 тыйын, оор жүк ташуучу унааларга 2-14 сомго чейин деп сунуштап жатабыз. Бирок талкуулардан кийин сөзсүз кайра каралып чыгат. Бардык тараптардын сунуштары эске алынат.     

Эсептелип чыккан бул тариф учурда оор жүк ташыган айдоочуларды ынандырбай турат. Анткени бир каттам үчүн эле 40-43 миң сомго чыйин чыгаша болуп жатканын «Маралга» Кыргызстандын Мунай ташуучулар бирикмесинин жетекчиси Чолпонбек Жанбаев айтты. Анын 30 миңи жол киреге кетет деген айдоочу жолдун сапатынын начардыгы айдоочуларды кош чыгымга учуратып жатканын айтып, буларга токтолду.

Азыр оор жүк ташыган айдоочу ансыз деле мамлекетке көп акча төлөйбүз. Транспорттук көзөмөл, салмак габариттик көзөмөлдөө пункттарына жана патент үчүн беребиз. Мисалы, күйүүчү майды бир айдоочу Бишкектен Ошко барганына 30 миң сомго май куят. Калган чыгымдар менен кошуп эсептегенде, 40-43 миң сомго чейин жетет. Бирок биз жолдорду акылуу болуусуна каршы эмеспиз, эгер жолдун сапаты ошого туура келсе… Бирок азыр айтып жаткандай, ишке ашып кетеринен күмөн санайм. Ошондуктан азыр баарын такташып алышыбыз керек.

Анткен менен Траспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бул тарифтер дагы өзгөртүлөрүн айтып, акылдуу жолдор жакын арада ишке кирбестигин эскертти. Ал үчүн акылуу жолдордун сапаты биринчи категорияга келтирилет жана  альтернативдүү каттамдар ачылган соң гана төлөмдөр алына баштайт. Максаты мамлекеттин жол куруу үчүн карыз алуусун токтотуу болуп эсептелет.

Мындай ыкманы киргизүүнүн мамлекетке көп пайдасы бар. Биринчиден, мамлекет алып жаткан карыздарды кыскартуу. Себеби бул системада инвестор өзүнүн акчасы менен келсин деп жатабыз. Алар биздин нормативдик-укуктук нормалардын негизинде жолду куруп бүтүрөт жана канча бир жылга биздин жолду колдонот. Андан түшкөн акчанын кайсы бир бөлүгүн алат. Бирок бир канча жылдан соң кайра мамлекетке өткөрүп берет. Бул жол оңдоого деп бюджеттен кеткен каражатты азайтууга өбөлгөсүн берет.

Эскерте кетсек, буга чейин  министрлик Кыргызстандагы үч ири жол акы төлөнүп өтө турчу жол боло турганы айткан эле. Ага ылайык, Бишкек –Ош жолунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолу, Кара-Балта- Чалдыбар жолу, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Кубакы ашуусу эсепке алынган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM