Биз менен байланышыңыз

Жовтенко: Коом талап кылганда гана бийлик элдин пикирин эске алат

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2018 | 612 | 0

Ар бир өлкө тарыхка жана тагдырга ээ. Украина XXI кылымда ири өзгөрүүлөрдү жасап жатат. Ага өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги орду дагы кирет. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Украина 2013-жылкы революциядан кийин Евробиримдик боюнча тышкы саясий багытын бекитип алган.

«Коомчулук бийликтен европалык багыт менен өнүгүүнү талап кылды. Эл заманбап Европанын стандарттары менен өлкөдө Европа коомун түзүүнү каалап жатат. Менин пикиримде Европанын жашоо стандарттары дүйнө боюнча алдыңкылардан болуп саналат. Украин коому дагы ошол стандарттар менен жашоону каалайт», — дейт Валерий Жовтенко.

Элчинин маалыматына ылайык, Украина энергетика секторун реформалоо менен электр энергиясына болгон көз карандысыздыкка жетишкен. Мындан сырткары, Ички иштер министрлигинде орун алган реформанын арты менен өлкөдө улуттук полиция жигердүү иш алып барууда.

«Мамлекеттик сатып алуулар боюнча жаңы система ишке кирип, баары ачык-айкын конкурстун негизинде өтүп жатат. Эл жөнөкөй маселесин чечүү үчүн Киевге келбейт. Калкты тейлөө борборлору ачылып, маалыматтык күркөлөр кызмат көрсөтүүдө. Аймактык-территориялык реформа ишке ашырылууда. Башкарууну жергиликтүү бийликке берүү оор. Ага карабай жергиликтүү бийликтин бюджетинин басымдуу бөлүгү өздөрүнө калтырылууда. Жарандык коом өлкөдө болуп жаткан процесске аралашып, кайра курууга активдүү катышып жатат», — дейт элчи.

Ал буга кошумча жарандык коом талап кылганда гана бийлик элдин пикири менен эсептешерин айтат. Украинада жарандык активисттер процесстердин айкындуулугун дагы талап кылып жатканын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM