Биз менен байланышыңыз

Осмонбек Артыкбаев ооруканага которулду

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 570 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору кабарлайт.

Маалыматтар боюнча, Артыкбаевдин грыжасы бар экендиги жана аны операцияга даярдашары айтылууда.

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаев буга чейин улуттук кардиология борборунда дарыланып чыккан. Дарыгерлер ага аритмия, астма диагнозун коюп, кан басымы көтөрүлүп кеткенин аныкташкан.

Осмонбек Артыкбаевге «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган. Ал Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу айыпталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM