Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «Манас» эпосунун күнү белгиленүүдө

Кыска кабар | 4 Дек 2018 | 713 | 0

Бүгун, 4-декабрда «Манас» эпосунун күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу Кыргыз улуттук опера жана балет театрында салтанаттуу иш-чара өтөт. Ага президенттин аппаратынын, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү катышат.

Мындан тышкары, Жогорку Кеӊеште «Манас» – кыргыз рухунун туу чокусу» деген илимий-практикалык конференция өтүүдө. Бул иш-чара залкар манасчылар Сагымбай Орозбаковдун 150-жылдыгына, Жусуп Мамайдын 100-жылдыгына, Шаабай Азизовдун 90-жылдыгына да арналды.

Конференцияга Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар менен манастаануучу адистер катышып жатат.

«Манас» эпосунун күнү 2015-жылы негизделген. Башкы максат — эпосту сактоо, даңазалоо, манас таанууну жайылтуу жана манасчыларды мамлекеттик колдоого алуу.

Эске салсак, 2003-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар комитети Кыргыз Республикасынын атынан номинацияланган «Акын-манасчылардын көркөм өнөрү адамзаттын дүйнөлүк мурастарынын курамдык бөлүмү катары» долбоорун дүйнөлүк маданий мурастын шедеври деп жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM