Биз менен байланышыңыз

Мукамбетов: Мигранттардын пенсия маселеси жакында чечилет

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2018 | 714 | 0

ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенгендерди пенсия менен камсыздоо тууралуу кабыл алынган келишимге ылайык, эгер жаран башка мамлекетке көчүп кетсе, анын пенсиясы ошол өлкөгө которулат. Тагыраак айтканда, пенсиялар экспорттолот. Бул тууралуу Социалдык фонддун  коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жараны 10 жыл ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринде иштеп келсе, бул аралыктагы пенсиясын эмгектенген мамлекетинен алат.

«Жаран пенсияны жашаган өлкөсүнөн алат. Алсак, бир канча мамлекетте 3-4 жылдан иштеген мекендештин пенсиясы Кыргызстанга топтолот да, жергиликтүү пенсияга кошулуп берилет. Пенсиянын көлөмү ЕАЭБ өлкөлөрүндө түрдүү болгондуктан, бирдиктүү келишимдин үстүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы арада чечилет деген ойдобуз. Келишимге кол коюлса камсыздандыруу төгүмдөрү пенсия түрүндө кайтарылат. Жаран башка мамлекетке көчүп кетсе пенсиянын базалык бөлүгү берилбейт», — дейт Мукамбетов.

Маалым болгондой, эми пенсияга чыкчу жарандын чет өлкөдөгү эмгек тажрыйбасы да эсепке алынат. Талаптар ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенгендерди пенсия менен камсыздоо келишимине кол коюлгандан тарта аткарыла баштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM