Биз менен байланышыңыз

Суранаева: Кийинки жылы да пенсия көтөрүлүшү мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2018 | 1136 | 0

Кийинки жылы пенсияны көтөрүү үчүн Социалдык фонддун 2019-жылдагы бюджетинде 659 млн сом каралды. Бул тууралуу аталган мекеменин бюджеттик башкармалыгынын башчысы Айгүл Суранаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Социалдык фонддун 2019-жылга карата бюджети жакынкы күндөрдө Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда каралат. Мекеменин профицити 1 млрд 14 млн сом деп кабыл алынган.

«Киреше боюнча бюджет 54 млрд 60 млн сом болсо, чыгашалар 53 млрд 46 млн сом деп каралууда. Кирешенин 60 пайызы камсыздандыруу төгүмүнөн топтолот. Быйыл 32 млрд 740 млн сом түшөт деп болжолдоп жатабыз. Андан сырткары республикалык бюджеттен бөлүнөт. Ал эми чыгашанын 91% пенсияга кетет. Жарандардын пенсиясына 49 млрд сом, аскер кызматындагылардын пенсиясына 2 млрд 740 млн сом каралат», — дейт Суранаева.

Айта кетсек, аскер кызматындагы пенсионерлердин саны 20 миңди түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM