Биз менен байланышыңыз

Миллионер болгон кыргыз мигранттары

Коом | 4 Дек 2018 | 1564 | 0

Кыргызстандын миграциялык агымы жылдан жылга багытын өзгөртүүдө. Буга чейин жакынкы жана поссоветтик өлкөлөргө болуп келсе, учурда Европага карай бет алууда.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандан чет өлкөгө кеткендердин саны 800 миңден ашык. Анын 80 пайызы Орусияга туура келсе, калган бөлүгү Казакстан, Түркия, Бириккен Арап Эмираттары жана АКШга туура келет.

Өз мекенин минтип таштагандардын саны жылдан-жылга өсүүнүн гана түстүндө баратат. Болбосо алардын Кыргызстандагы жашоо шарты кыйла жакшырган. Бирок мекендештерди Кыргызстандагы шарт канааттандырбай келатканын миграция кызматынын тышкы миграция боюнча бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев белгилейт. Муну  республиканын түштүк бөлүгүнө Тажикстан жана Өзбекстандан мигрант болуп келгендердин саны өскөнү менен байланыштырат.

Чет өлкөдө жүргөн мекендештерди жалпы эмгек мигранттары деп атап келгенбиз. Азыр ошол миграциялык агымды бир нече топторго бөлсө болот. Анткени учурда экономикалык гана маселе менен эмес, башка иштери менен чыккандар дагы көп. Алардын баардыгында турак-жай, автоунаа  бар. Бирок алар андан ары бай  жашоону каалап жүргөндөр.

Бирок чет өлкөдөгү мекендештер тууралуу атайын изилдөө жасалган эмес.
Анткен менен алардын көз караштары эгемендүүлүк алган жылдарга караганда кыйла өзгөрдү. Бүгүн мекендештер кара жумуштан тейлөө тармактарына өтүп жатканын Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова айтууда.

Кыргызстандан келген мигранттардын иштөө чөйрөсү күндөн-күнгө өзгөрүүдө. Эгерде мындан 4-5 жыл мурун көчө шыпырып же курулуш тармагында иштесе, бүгүн тейлөө тармагына өттү. Ресторан-кафелерде, банк тармагындагы жумуштар менен алектенишүүдө.

Орусия жүргөндөрдүн дагы бир бөлүгү жеке бизнеске өтүшкөн. Алардын катарында жеке ишкер Каныбек Акаев дагы бар. Буга чейин катардагы мигранттардын бири болсо, бүгүн Орусиянын шаарларында бир катар компанияларды ачууга жетишти.  Бул жоон топтун катарында миллонерлер да бар экенин жашырбайт.

Өз ишин ийгиликтүү алып бараткан мекендештердин санын толук айта албайм. Бирок чоң шаарлардагыларды санасак, миңден ашат. Алардын ичинде бир гана рубль менен эмес доллар менен миллионер болгондор бар.  
Ал эми Европага чыккандардын көбүн каражат табуу үчүн эмес, билимин тереңдетүүнү каалагандар түзөт. Дүйнөдөгү алдыңкы университеттерге буга чейин бирин-серин гана студенттер окуган болсо, бүгүн алардын саны артканын Швейцариядан мекендешибиз Манат Сулайманова маалымдады.

Швейцарияга келген Кыргызстандыктардын саны өстү. Алар мен билгенден чоң-чоң окуу жайларга тапшырышат. Кийин  андан ары билимин тереңдетүү үчүн бул жакта калып калышат. Анткени бул жакта эл аралык уюмдар абдан көп.
Ал эми шаар тургундары кандай пикирде? Дегеле чет өлкөгө чыгууга шаардыктар эмне үчүн кызыктар?

Азыркы тапта мигранттардын деңгээли жогорулады. Мурун акча табуу болсо, азыр тажрыйба топтоп келем дегендер көп;

-Чет өлкөдө жашап калууну каалагандар абдан көп;

-Сыртка акча табуу үчүн гана кетип жатышат. Башка эмнеге бармак эле?

-Чет өлкөгө чыккандардын көбү эле жашоосун оңдойлу дегендер;

Эскерте кетсек, чет өлкөдөгү Кыргызстандыктар бүгүнкү күнү өз мекенине инвестиция салууга кызыктар экенин билдирип чыгышкан. Анын алкагында президенттин алдында атайын кеңеш түзүлүп, ата мекендик долбоорлор иш жүзүнө ашыруу планы коюлган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM