Биз менен байланышыңыз

Эмки жылы майып балдарды баккан ата-энелер акы ала баштайт

Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 739 | 0

Келерки жылдын январь айынан тартып майып балдарды баккан ата-энелер эмгек акы ала баштайт. Мындай маалыматты “Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы” коомдук уюмунун өкүлү Сейнеп Дыйканбаева президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда айтты.

-2019-жылдын январь айынан тартып, майып балдарды баккан ата-энелер эмгек акысын ала баштаары белгилүү болду. Бул абдан чоң жеңиш, майыптыгы бар адам толук кандуу жашай алышы үчүн мындай үй-бүлөлөрдү биздин өлкөдө колдой баштагандары жакшы жөрөлгө», — деп белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков майыптарга жасалган мамиле коомдун гумандуулугунун көрсөткүчү экенин айтты.

Мамлекетибиздин милдети — аларга колдоо көрсөтүп, көмөктөшүү менен чектелбестен, жашоосуна, эмгектенишине, социалдык жана маданий талаптары аткарылышына тиешелүү шарттарды түзүп берүү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга жардам көрсөтүү — мамлекетибиздин социалдык саясатында мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп кала берет»,-деди президент.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуунун соңунда «Социалдык ишкерлер ассоциациясынын» өкүлү Мирбек Асангариев менен Сейнеп Дыйканбаевага энчилүү сааттарын тапшырды.

Социалдык ишкерлер ассоциациясы 2012-жылы түзүлүп, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды ишкерлик менен алек болууга, аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен алектенет.

Коомдук уюм аркылуу 2 миңден ашык адам окуудан өтүп, 70ке жакын социалдык ишканалар ачылды.

«Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы» 20 жылдан бери өз ишмердигин жүргүзүп келет. Бул коомдук уюм тарабынан Кыргызстанда алгачкылардан болуп ден-соолугунун абалы оор балдар менен иштөө борбору ачылган.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө республикада 181,4 миң ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, анын 29,8 миңи — балдар.

 

Copyright © 2017 Maral FM