Биз менен байланышыңыз

Күч түзүмдөрүнүн орун басарлары кызматтан кетти

Саясат | 3 Дек 2018 | 908 | 0

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарлары кызматтан бошотулду. Бирок анын чоо-жайы ачык айтылган жок.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Кубанычбек Орозматов Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Нурбек Дүйшөналиев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары кызматынан алынды. Кызматтан бошотуулардын чоо-жайы айтыла элек.

Ал эми Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева президент кол койгон буйрукка штаб жооп бербей турганын айтып, комментарий берилбестигин эскертти.

-Бул президенттик аппарат тарабынан айтылган билдирүү. Буйрукка президент кол койду. Мамлекет башчы куралдуу күчтөрдүн жетекчиси болгондуктан, ага комментарий бере албайбыз.

Кийинки убакта армияга байланыштуу чуулгандуу окуялар, Башкы штабдын дарегине айтылган дооматтар көбөйгөн. Муну президент Сооронбай Жээнбеков өткөн айда Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев менен жумушчу кеңешме өткөргөндө белгилеген. Анда соңку кездери аскердик кылмыштардын көбөйгөнүн, мыйзам бузуу фактыларынын алдын алуу боюнча иштиктүү системанын жоктугун сынга алып, күнөөлүү адамдарга карата өз убагында чечкиндүү аракет кылууну тапшырган. Жээнбеков ал жолугушууда аскердик жетекчиликтин ишин жетишсиз деп баалаган.

Кызматтан бошотуулардын ачыкталбашына өзүнүн себептери да болуусу мүмкүн экенин айткандар бар. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышановдун маалыматында, күч структураларында ачык айтылбай турган маселелер болот. Маселен, коңшу өлкөлөргө байланыштуу жагдай болсо, аны ачыкка чыгарбай кызматкердин өзүнө түшүндүрүп, жаза берилет.

-Буга чейин Коргоо комитетитин эки жетекчиси каржылык мыйзам бузуулар менен кызматынан бошотулуп, тергөө жүрдү, иш сотко өттү деп жүрүштү. Бул Кыргызстан үчүн чоң эле сокку болуп жатат. Мындай көрүнүштөр болбошу керек. Чындыкты да атуу керек. Аларды айлыктары да аз. Азырк күз түзүмдөрүнө байланыштуу маселелер чечилбей жатат. Ушундай нерселерден улам аталган кызматкерлер кызматтан бошотулушу деле мүмкүн. Анан көп маселелер ачыкка чыгып жатат.

Эгерде аскер кызматында жетекчилик орундарда иштеп жаткандардын жумуштан алынуусунун себептери ачык айтылбаса, анда бир маселе бар. Мындай пикирди коопсуздук жаатындагы эксперт Марат Иманкулов билдирди.

Анын баамында, кызматтан четтетилгендердин ишинде кандайдыр бир кемчиликтер болуусу мүмкүн. Ошону менен бирге куралдуу күчтөрдө да кемчилдиктер болуп жатат.

-Көптөгөн жаңжалдар чыгып, аскер кызматкерлери качып кетип жатканын көрүүдөбүз. Кээ бирлери өз өмүрүнө кол салып, жанын кыйып жатат. Армияда тартип маселеси биринчи орунда турат. Кол башчылар тарипти коё албаса, анда көп маселелер чыга берет. Президент буга көбүрөөк көңүл бурууга чакырат болсо керек. Андан сырткары Куралдуу күчтөрдө жетекчилерге ишенип берилген мамлекеттик мүлктү туура эмес пайдаланган фактылар көп болду. Бул боюнча кылмыш иши да козголгон.

Коомчулукта кыргыз армиясынын шартынын начардыгы, зордук-зомбулук, мындан улам өз өмүрүнө өзү кол салуу өңдүү көрүнүштөр азайбай жатканы айтылып келет.

Мурдагы Аскер прокурору, генерал-майор Кубатбек Кожоналиев күч түзүмдөрүндө система туура эмес түптөлгөнүн белгилеп, жетекчилердин саны көп экенин айтты.

-Анткени аскерлерибиздин санына жараша башкаруучулардын саны көп. Башкы штаб, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет жана Коопсуздук Кеңеши бар. Дал ушундай эле кызматтар президенттик аппаратта, өкмөттө жана Жогорку Кеңеште да иштейт. Буларды иретке келтирүү президенттин максаттарынын бири болсо керек. КМШ мамлекеттеринде биздегидей жетекчилер жок.

Ал эми Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Зарылбек Рысалиев кызматтан бошотуулардын расмий чечимдерин күтүү керектигин айтты.

-Болжолдоп өзүмдүн билгенимди айтсам, расмий чечими башкача болуп калса, туура эмес болуп калат. Президенттин ишине киришип, анын чечимин сындай албаймын. Кандайдыр бир себептер болушу мүмкүн. Баары эле мен кыйынмын деп турат. Ага эл тараза болот.

2014-жылы Кубанычбек Орозматовдун аты Бишкектин Жал кичи районунда аскерлерге мыйзамсыз батир бөлүштүрүү ишинде аталганы тууралуу маалыматтар жазылып чыккан.  Ага каршы Аскер прокуратурасы тарабынан «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «шалаакылык» беренелери менен козголгон кылмыш иши мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу токтотулган.

Андан тышкары, өткөн айда Башкы штабдын жетекчиси Райимберди Дүйшембиевдин аты №36806 аскер бөлүгүндө орун алган башаламандыктарда аталган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM