Биз менен байланышыңыз

Катар ОПЕКтен чыгат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 943 | 0

Катар мамлекети мунай өндүрүүчү мамлекеттердин биримдигинен (ОПЕК) чыгат. Мындай күтүүсүз кабарды өлкөнүн Энергетика министри Саад аль Кааби билдирди.

Министрдин айтымында Катар ОПЕКтен 2019-жылдын 1-январынан тарта чыгат. Муну өлкөнүн эл аралык аренадагы ролун күчөтүү максатында стратегиялык план түзүшкөнү, ал үчүн ОПЕКтен чыгууну тандашканы менен тушүндүрдү. Эми Катар жаратылыш газын өндүрүүгө көбүрөөк басым жасамакчы.

Саад аль Кааби 57 жылдан бери мүчө болгон уюмдан чыгуу оңой чечим болбогонун билдирүү менен аталган уюмдагы өндүрүшкө байланыштуу чечимдерде чечүүчу роль ойнобой келгенин да белгиледи. Бирок бул кадамды акыркы жылдардагы Сауд Аравиясы, БАЭ, Бахрейн жана Египет тарабынан саясий-экономикалык кысымга алынганына байланыштыруу туура эмес экенин да кошумчалады.

Эске салсак, Катар ОПЕКтин эң аз мунай өндүргөн мүчөсү болуп саналат. Анткен менен суюлтулган газ өндүрүү боюнча дүйнөдө алдына эч кимди салбайт. Анын жылдык суюлтулган газ экспорту 77 миллион тоннага барабар. Эми бул көрсөткүчтү 110 миллионго чыгарууну көздөшүүдө. ОПЕКтин 2017-жылга карата берген маалыматына таянсак Катар күнүнө 600 миң баррель чийки мунайзат өндүрөт.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM