Connect with us

Шайлоо: «Грузиянын президенти жок!»

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 709 | 0

Грузияда 28-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип миңдеген жарандар нааразылык митингдерине чыгышты. Буга шайлоодо утулган оппозициялык талапкер Григол Вашадзе жана бозгундагы Саакашвилинин «Грузиянын президенти жок!» деген ураан менен жасаган чакырыгы түрткү болгон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Митингчилер кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү жана президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларды тактоочу жарандык комиссия түзүүнү талап кылышууда. Акцияга катышкан Вашадзе шайлоодо одоно мыйзам бузуулар болгонун, алдын ала добуштарды сатып алуу катталганын айтууда.

Ал эми Борбордук шайлоо комитети добуш берүүдө мыйзам бузуу боюнча 143 арыз келип түшкөнүн, бирок алар шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир этпесин билдирди.

Эске салсак, президенттик шайлоонун экинчи туруна бир нече күн калганда Грузиянын өкмөтү жарандардын социалдык абалын жакшыртуу жүйөсү менен  мамлекетке карызы бар 600 миң кишинин жалпы 500 миллион долларлык карызын кечкен. Көпчүлүк, өзгөчө оппозиция муну бийликтин шайлоодо өзү сүрөгөн Саломе Зурабишвилинин пайдасына добуштарды сатып алуусу катары баалашты. Шайлоодо 76 жаштагы Зурабишвили 59% менен жеңишке жетишти.

 

Copyright © 2017 Maral FM