Биз менен байланышыңыз

Аскер бөлүктүн эки кызматкери 3 жылга шартуу кесилди

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 571 | 0

Майлуу-Суу шаарында токко урунуп эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин окуясы боюнча аскер бөлүктүн эки кызматкери үч жылга шартуу кесилди. Мындай чечимди Майлуу-Суу шаардык соту чыгарган. Бул тууралуу “Кылым шамы” уюмунун директору Азиза Абдирасулова кабарлайт.

Ага ылайык, камакка алынгандар аскер бөлүктүн командиринин техникалык маселелер боюнча орун басары жана курулуш маселелери боюнча сержант болгон.

Абрасулова эки кызматкердин тең окуяга түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып, өз учурунда алдын алган эмес деген себеп менен “Шалаакылык” беренеси боюнча күнөөлөнүп, үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылганын белгиледи.

Эске салсак, 19-августта жоокер нөөмөт учурунда көмөк чордонундагы зымдарга тийип, күйүк алган. Аны Бишкекке ооруканага алып келишип, дарыгерлер эки колун чыканагына чейин кесип салууга мажбур болушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM