Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү соттордун судьялары болуп 5 талапкер дайындалды

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 549 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана аларды Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна, Ысык-Көл облустук сотуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Президенттик президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Жээнбековго Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Жогорку сотко 1 жана Чуй облусунун Аламүдүн райондук сотуна 1, Ысык-Көл облустук сотуна 2 жана Бишкек шаардык сотуна 5 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

2018-жылдын 23-ноябрында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөргөн. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 5 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Биринчи жарлык менен өлкөнүн Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 5 талапкер дайындалды.

Ошондой эле, экинчи жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна сотуна — Казыгулова Мээрим Эсенкановна;

— Ысык-Көл облустук сотуна — Борончиева Жаңыл Кубанычбековна;

— Бишкек шаардык сотуна — Карабеков Алмаз Маматбекович, Рыбалкина Антонина Дмитриевна, Сабитова Жамиля Сабитовна жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM