Биз менен байланышыңыз

Президент АКШ лидери Дональд Трампка көңүл айтты

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 590 | 0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трампка АКШнын мурдагы президенти Джорж Буш-улуусу дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

«Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти, дүйнөлүк масштабдагы чыгаан саясатчы жана дипломат Джордж Буш-улуусу дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин атынан жана өз атымдан сизге, жалпы Америка элине, Джордж Буш-улуусунун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиленет мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM