Биз менен байланышыңыз

Кочкоров Нарын облусунда иш сапары менен болот

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 505 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров 7-8-9-декабрь күндөрү Нарын облусунда иш сапары менен болот. Бул тууралуу Кочкоров  социалдык тармакта түз эфирде элдин суроооруна жооп берип жатып билдирди.

Кочкоров бардык облустарды кыдыруу үчүн иш ыраатын түзүп, эл менен жолугушуу учурунда маселелерди жөнгө салуу аракетин көрөрүн белгиледи.

Жаңы дайындалган министр алыскы аймактагы жана коомдук кабылдамага келе албагандар үчүн, ар жуманын ишемби күнү Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Facebook’тагы баракчасы аркылуу түз байланышта жарандардын суроолоруна жооп берип турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM