Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев ЕБнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен жолугушту

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 537 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү блдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы биргелешкен долбоорлордун жана келишимдердин ишке ашырылышынын жүрүшү, мындан аркы өз-ара аракеттешүүнүн негизги артыкчылыктары талкууланды.

Абылгазиев Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, аталган биримдикке социалдык-экономикалык тармактагы ар кыл долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Петер Буриан эки тараптуу мамилелердин акыркы мезгилдеги оң динамикасын канааттануу менен белгиледи.

«Биз Кеңири өнөктөштүк жөнүндө жаңы келишим терең кызматташтык үчүн, анын ичинде соода-экономикалык жаатында кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүсүн күтүүдөбүз. «ВСП+» статусунун алкагында зор мүмкүнчүлүк бар, аны сөзсүз түрдө колдонуу зарыл», – деди Петер Буриан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM