Биз менен байланышыңыз

УКМКнын кызматкерлерине жаӊы батирлердин ачкычы тапшырылды

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 609 | 0

Бүгүн, 1-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн Каракол шаарында курулган көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди. Салтанатка Жогорку Кеӊешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков дагы катышты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жумабеков УКМКнын кызматкерлеринин эр жүрөктүүлүгүнүн жана сабырдуулугунун арты менен кыргызстандыктар туруктуулукта жана тынчтыкта жашап жатканын белгиледи. Буга кошумча жаӊы турак-жайга ээ болгон кызматкерлер менен алардын үй-бүлөлөрүн куттуктады.

«Бүгүнкү салтанаттуу иш-чара баарыбыз үчүн өтө маанилүү. Анткени, мурда турак-жайга муктаж кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үйлөр Бишкек шаарында гана курулуп келсе, акыркы жылдары аймактарда салына баштады. Айрыкча, президентибиз Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жылында мамлекет тарабынан алыскы райондордогу жашоо-турмушту жакшыртууга өзгөчө көӊүл бурулууда.  Мындан ары да эл аралык терроризмге, радикализмге, экстремизм жана баңгизат трафигине каршы күрөш ырааттуу жүргүзүлүп, мамлекетибиз өнүгө берет деген үмүттөбүз», — дейт Жумабеков.

Салтанаттын алкагында Жумабеков УКМК кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырып, балдар аянтчасынын курулушу үчүн 100 миӊ сом акча каражатынын сертификатын берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM