Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 1201 | 0

Бүгүн 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү.

Бул күн 25 жылдан бери элге маалымат жеткирүү жана кишининин иммундук жетишсиздик вирусун жуктурап алган адамдарды колдоо максатында белгиленип келет. Аталган оору заманбап дүйнөнүн чечүүгө эң кыйын болгон чакырыктарынын бири.

Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында республика аймагында да бир топ иш-чаралар пландалган.

Белгилей кетсек, биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач «Төрт-Г» деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу бара-бара анын кабылдоосуна алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM