Биз менен байланышыңыз

Шевченко UFC боюнча дебюттук мелдешинде атаандашын утуп алды

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 474 | 0

Кыргызстандык Антонина Шевченко UFC уюмундагы алгачкы беттешинде түштүк кореялык мушкер Жи Йон Кимди калыстардын чечими менен утуп алды. Бул тууралуу уюмдун расмий Twitter баракчасында жарыяланды.

Мушкерлердин жеңил салмак категориясындагы кармашы TUF 28 Finale турниринин алкагында Лас-Вегас шаарында өттү. Анда Шевченко менен Ким үч раунд бою кармашып, натыйжада калыстардын чечими менен жеңиш ага ыйгарылган.

Шевченко ушуну менен UFC уюмунда тушоосун кести. Буга чейин аталган уюмдун «Дана Уайттын талапкерлери» аталышындагы тандоо турниринде америкалык Жаймелин Ньеверону утуп алган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM