Биз менен байланышыңыз

19-декабрда алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 516 | 0

Бишкекте 19-декабрда алыш күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, таймаш Кожомкул атындагы спорт сарайда өтөт.

Кыргыз Эл баатыры, коомдук жана саясий ишмер Апсамат Масалиевдин элесине арналган турнирге Кыргызстандан башка Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Орусия, Монголия жана башка мамлекеттен балбандар келет.

Эл аралык мелдешке 18 жаштагы жана андан улуу курактагы спортчулар катышат.

Иш-чараны Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция, Алыш федерациясы жана Апсамат Масалиев атындагы коомдук фонду уюштурууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM