Биз менен байланышыңыз

Сапар Исаков 5-январга чейин камакта калтырылды

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 528 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер Сапар Исаковду 5-январга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрү Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууну суранып кайрылган болчу.

Эскерте кетсек, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык көрүнүштөр боюнча кармалган. 1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун тергөө абагында калуу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узарткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM