Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте жаңы жылдык мыкты жасалга боюнча сынак старт алат

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 489 | 0

Борбордогу жаңы жылдык балаты 10-декабрда жандырылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Асел Куланбаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 31-декабрда калаа тургундары жана келген коноктор үчүн концерттик программа уюштурулат.

Маалыматка ылайык, быйыл жаңы жылдык салтанатка 7 млн сомго чейин каражат сарпталат. Ошондой эле айрым маданий мекемелердин жанына балаты орнотулат.  Мэр Азиз Суракматовдун тапшырмасына ылайык, быйыл жасалгалоо иштерин мэриянын карамагындагы ишканалардын кызматкерлери аткарат.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарык мэриясы жаңы жылга карата жасалгаланган эң кооз район, конуш жана имарат боюнча сынак жарыялады. Бул сынакты шаардык муниципалитет уюштуруп, 2018-жылдын 31-декабрына чейин сынактын арыздарын райондук администрациялар кабыл алат. Жалпы 7 аталыш боюнча ат салыша турган сынактын жеңүүчүсү 100 миң сом сыйлык алат. Сынактын байге фонду 1 млн сом.

«Быйыл жаңы конуштар арасында да сынак уюштурулду. Мындан сырткары жарандар, мекемелердин эмгек жамааты  шаардыктарды куттуктап видео жиберишсе да болот. Видеонун узунду 2 мүнөттөн ашпоого тийиш. Мыкты куттукутоо жибергендерге белек берилет», — дейт Куланбаева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM